Дүйнөдөгү эң көп окулган китептердин башында Куран -и Карим турат

Автор

Дүйнөдөгү эң көп окулган китептердин сап башында ыйык Курани Карим турат. Бул тууралуу АКШда жайгашкан “Global English Editing” басылмасынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча окурмандардын 66 пайызы басма китептерди колдонушат. Анткени, технологиянын өнүгүшү менен аудиокитептерге жана электрондук китептерге болгон кызыгуу күчөгөнү менен дүйнө жүзү боюнча басма китептерге көбүрөөк артыкчылык берилүүдө.
Дүйнөдө эң көп окулган китептер Курани Керим жана Библия.
Кытай Эл Республикасынын негиздөөчү лидери Мао Цзэ-дундун билдирүүлөрүнөн түзүлгөн «Төрага Маонун тандалган сөздөрү» да эң популярдуу китептердин тизмесинде үчүнчү орунда турат. Мигель де Сервантестин “Дон Кихот” китеби жана Ж.К.Роулингдин “Гарри Поттер” сериясы да дүйнөдөгү эң көп окулган адабий чыгармалардын катарына кирет.
Дүйнөдөгү башка эң көп окулган китептер Чарльз Диккенстин “Эки шаардын жомогу”, Д.Р Толкиендин “Шакектердин ээси” трилогиясы, Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзаада”, Льюис Кэрроллдун “Алиса кереметтер өлкөсүндө” жана Агата Кристинин «10 кичинекей негр» чыгармалары келтирилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кофенин негизги түрлөрү жана пайдалары

Кофе дүйнө жүзү боюнча популярдуу жана эспрессо, капуччино, латте жана башка көптөгөн формаларда колдонулат. Ал кара түстө болушу мүмкүн, ошондой эле ар кандай даам берүү үчүн сүт, сироп же башка ингредиенттер кошулат. Кофенин бир нече негизги түрлөрү бар: 1. Эспрессо: бул кофенин күчтүү жана концентрацияланган түрү, жогорку басымдагы ысык сууну […]

Сизге жагышы мүмкүн