Дүйнөдөгү эң көп окулган китептердин башында Курани  Карим турат

Автор

Дүйнөдөгү эң көп окулган китептердин  сап башында  ыйык Курани Карим  турат. Бул тууралуу АКШда жайгашкан “Global English Editing” басылмасынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча окурмандардын 66 пайызы басма китептерди колдонушат. Анткени, технологиянын өнүгүшү менен аудио китептерге жана электрондук китептерге болгон кызыгуу күчөгөнү менен дүйнө жүзү боюнча басма китептерге көбүрөөк артыкчылык берилүүдө.

Дүйнөдө эң көп окулган китептер Курани Керим  жана Библия.

Кытай Эл Республикасынын негиздөөчү лидери Мао Цзэ-дундун билдирүүлөрүнөн түзүлгөн «Төрага Маонун тандалган сөздөрү» да эң популярдуу китептердин тизмесинде үчүнчү орунда турат. Мигель де Сервантестин “Дон Кихот” китеби жана Ж.К.Роулингдин “Гарри Поттер” сериясы да дүйнөдөгү эң көп окулган адабий чыгармалардын катарына кирет.

Дүйнөдөгү башка эң көп окулган китептер Чарльз Диккенстин “Эки шаардын жомогу”,  Д.Р Толкиендин “Шакектердин ээси” трилогиясы, Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзаада”, Льюис Кэрроллдун “Алиса кереметтер өлкөсүндө” жана Агата Кристинин  «10 кичинекей негр» чыгармалары келтирилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн коюу кан адамдар үчүн коркунучтуу?

Канды  негизинен төмөнкү азыктар коюу кылат: спирт, кант, гречка, долоно, майлуу эт, консерва, ышталган эт, газдалган суусундуктар Эмне үчүн коюу кан адамдар үчүн коркунучтуу? Ашыкча коюу кан майда тамырларга жана капиллярларга өтө начар кирет, анын кесепетинен организм кычкылтектин жетишсиздигин, анемияны сезет. Бул түздөн-түз уюган кандын пайда болушуна, инфаркттын жана инсульт […]

Сизге жагышы мүмкүн