Дүйнөгө таанымал жазуучу Милан Кундера каза болду

Автор

Атактуу жазуучу Милан Кундера 94 жашында Францияда каза болду.

Теги чехиялык француз жазуучусу Милан Кундера 1929-жылы Брно шаарында төрөлгөн. Ал 1953-жылы биринчи китебин чыгарган. 1971-жылы көптөгөн тилдерге, анын ичинде орус тилине которулган «Коштошуу вальсы» романы жарык көргөн.

Кундера 1968-жылы СССРдин Чехословакияга басып киришин сындаганы үчүн сүргүнгө айдалып, кийин 1975-жылы Францияга эмиграцияланган.

1985-жылы Иерусалим сыйлыгына татыган дүйнөгө атагы чыккан жазуучунун «Болуунун чыдагыс жеңилдиги» аттуу китеби үчүн мекенинде 80-жылдардын аягына чейин тыюу салынган.

20-кылымдын эң таасирдүү жазуучуларынын бири катары көрсөтүлгөн Милан Кундера 40 жылдан кийин 1970-жылдары өлкөсүнөн чыгып кеткен Чехиянын жарандыгын кайра алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк интервенция жасап, 43,6 млн доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.   Күн мурун Улуттук банк валюта рыногуна 43 млн 555 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.   Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна онунчу ирет интервенция менен чыгып жатат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн