Аптанасаат: “Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл”

Автор

Аял эң биринчи кезекте – эне. Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар. Сиз жана биз бир кичинекей тамчы суудан эненин денесинде кыймылга кирип, бир бурдам эттен чоңоюп адам болгонбуз. Муну үчүн эң биринчи энеге карыздарбыз.
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-с-салам хадистеринде «Алланын алдында төрөгөн аял төрөбөгөн чырайлуу аялга караганда өйдөрөөктүр» деп айтат. Дагы бир осуяттарында «Кимге жакшылык кылайын?» деген саабанын суроосуна «Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл» деп үч жолу «энеңе», анан барып төртүнчүсүндө «атаңа» деген. Эне деген ушундай улуктанат, адамдын жаралышына, өсүшүнө, инсан болушуна ушул эне биринчи кезекте себепкер.
Абдыкерим Муратов жазуучу

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты уланууда

Бишкекте хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Швеция […]

Сизге жагышы мүмкүн