Депутат үстөк пайыздын айынан үйүн алдыргандарга көңүл бурду

Автор

“Мухсин коомдук фонду” элге үстөк пайызда акча берип, натыйжада, төлөй албай калгандар үйүн алдырып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Аталган фонддон 1100 киши жабыркап, алар Жогорку Кеңештин депутаттарына даттанышкан. “Урматтуу генералыбыз Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшүп, ломбарддар боюнча да жакшы иш алып барып жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Бирок, дагы бирөө бар экен, Общественный фонд Мухсин деген. Ушундан элдер жабыр тартып жатышыптыр. УКМК көңүл буруп койсо, жакшы болмок”,- деди.
Депутат протоколдук тапшырма берилишин өтүндү.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстанда камакта жаткан кыргыз атуулдарын куткаруу айтылды

Тажикстанда камакта жаткан кыргыз атуулдарын куткарууну бүгүн, 7-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтылды. Тажикстандын мурдагы жараны Кубатбек Юлдашев Кыргызстанга көчүп келип, кыргыз атуулдугун алган. 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарында жашаган ата-энесине барса, тажик коопсуздук кызматтары аны шпионсуң деген айып менен 13 жылга камап жиберген. Учурда ал жакта түрмөдө жатат. Депутат Султан Айжигитов […]

Сизге жагышы мүмкүн