Депутат туу боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады

Автор

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде каралды.

Комитет жыйынында  депутат Дастан Жумабеков бул маселе боюнча референдум өткөрүү керектигин айтып, “Эл менен эсептешип, таразага салып көрөлү. Көпчүлүк эмне десе, ошол жакка кадам таштайлы. Ошондуктан  Конституцияга таянып, элден сурасак ашыкча болбос”, -деди .

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК комитети тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети жактырып, ЖКнын жалпы кароосуна жиберди. Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, мыйзам долбоору тууну жакшыртууга багытталгандыгын белгиледи. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат […]

Сизге жагышы мүмкүн