Депутат мугалимдердин эмгек саатын кыскартууну сындады

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билим берүү министринин кары-картаң мугалимдердин эмгек саатын кыскартуу сунушун сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-апрелдеги парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Мындай абал башмыйзамга терс жана адам укуктарын чектөө катары кабыл алынаарын белгиледи. Ал өкмөткө кайрылып, “бул жакшы жол эмес, аларды куугунтуктай берсек кайда барышат, ал тажрыйбалуу мугалимдер. Керек болсо, билиминен жана тажрыйбаларын колдонбойлубу”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Индия калкынын саны боюнча биринчи орунда турат

Индия калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. БУУнун фондунун маалыматы боюнча бул өлкөдө 1 миллиард 442 миллион адам жашайт. Экинчи орунда 1 миллиард 425 миллион адам жашаган Кытай турат. Окумуштуулар Индиянын калкы 77 жылда эки эсеге көбөйүшү мүмкүн деп болжолдошууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн