Алманбет Салиев кайрадан жоопко тартылабы?

Автор

“Коррупция менен аёсуз күрөш болуп жатканда элдин эсебинен байып, мамлекетти каалагандай калчагандар да жоопко тартылышы керек. Мына Сооронбай Жээнбековдун жанында Алманбет Салиев деген болгон”,- деди депутат Акылбек Түмөнбаев парламент жыйынындагы билдирүүсүндө.
“Ал соттук иштерге аралашып, мыйзамдуу иштерди мыйзамсыз, ал эми мыйзамсыз иштерди мыйзамдуу кылып чечтирип келген. Ал мыйзам алдында эмне үчүн жооп бербеши керек?”- деп сурады.
Эскерте кетсек , президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев 2021-жылдын 16-июнунда колго түшүрүлүп, ага “мыйзамсыз байуу” беренеси боюнча кылмыш иш козголгон.
Ага таандык делген мүлктөрүнүн жалпы суммасы 900 миң доллардан көп деп бааланган. Андан сырткары 70 млн сомдон ашуун каражаты бар деп айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтүүдө

Бүгүн, 28-февралда Бишкектеги “Novotel” мейманаканасында кыргыз-түрк бизнес форуму өтүүдө. Ага кыргызстандык жана түркиялык ишкерлер катышууда. Форумда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын алакасы өнүгүп жатканын белгиледи. “Медицина, туризм, текстиль, өнөр жай жана айыл чарба, тери булгаары иштетүү жаатында жакшы иштер жүрүүдө. 2023-жылы Анкарада Кыргызстандын соода үйү ачылды. Кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн