Депутаттын сунушун коомчулук колдоого алды

Автор

Илимий олимпиадаларга көңүл бурулбай калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров парламентте илимий олимпиадалар боюнча атайын көрсөтүү даярдап, Эл аралык билим олимпиадасын өлкөбүздө өткөрүү боюнча сунушун билдирди.
“Спорт Кыргызстанда жакшы өнүгүп жатат. Мисалы, 2023-жылы ага 1.5 млрд сом бөлүнүп, жакшы жыйынтыктарды алдык. Бирок, элибизде “билими күчтүү миңди жыгат – билеги күчтүү бирди жыгат” деген сөз бар эмеспи”,- деди депутат.
Ал өлкөбүздө илимий олимпиадаларга көңүл бурулбай калганын, былтыр, ага болгону 12 млн сом гана бөлүнгөнүн, илим жагынан күчтүү болгон өлкө технологиялык жактан да күчтүү өлкөгө айланарын, андыктан, Кыргызстан күчтүү өлкө болушу үчүн билим тармагына маани берүүнү сунуштады.
“Бизде кандай? Кыргызстанда 12 сабактан гана Республикалык олимпиадалар өткөрүлөт. Бул эскирген система, эл аралык системага тийешеси жок. Кыргызстанда Somо деген 8 млн сом коротуп, олимпиада өткөзөт. Бирок, дүйнөдө Улуттук олимпиада системасы иштейт. Кыргызстан болгону 5 эле сабактан катышат. Бул заманбап система, мунун 1-2-түрү онлайн түрүндө өтөт. 3-туру министрлик тарабынан уюштурулуп, өткөрүлөт, бюджеттен 700 миң сом гана каралган. Негизи, дүйнөдө 14 сабактан Эл аралык олимпиада өтөт. Кыргызстан болгону 5 эле сабактан катышат. Алар математика, физика, химия, информатика жана биология. Тилекке каршы, башка сабактардан катыша элек”,- деди.
Ал акыркы 7 жылдагы билим олимпиадасына катышып, жетишилген ийгиликти коңшу мамлекеттер менен салыштырып көрдү. Маселен, Кыргызстан 36 медалга ээ болсо, бир дагы алтын алалган эмес. Ал эми Орусия 197 медал алса, анын 21 и алтын, Казакстан 167 медал анын 15 алтын, Өзбекстан 55 медалга ээ болсо, анын 5 алтын. Тажикстан 43 медал, алтын жок. Депутат белгилегендей, Өзбекстан мындан 3 жыл мурда билим берүү тармагын реформалагандан кийин ушундай натыйжага ээ болгон. Кошуна мамлекеттерде олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 5 миңден -10 миң долларга чейин сый акы каралган. Бул сумма бизде 500 миң сом деп белгиленсе да, ушул убакка чейин эч кимге берилген эмес.
Элдар Абакиров Кыргыз Республикасынын илимий олимпиадасын коргой турган өзүнчө уюм түзүүнү сунуштап, ал Спорт Федерациясынын моделинде болуусу керек деп белгиледи. “Кайсы бир тренерлер жана олимпиаданын жеңүүчүлөрү ушул уюмдун мүчөсү боло алат. Ошол уюмга бюджеттен жок дегенде 50 млн сом берүүнү суранып жатабыз. Ошол каражат менен биздин балдар кыздарды күнү түнү олимпиадага даярдашса, дүйнөнү билим жагынан багындыра башташат”,- деди ал парламенттеги билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Көк чайдын организмге пайдалары

Көк чай антиоксиданттарды камтыйт жана ден соолукка оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Анын ичинде дененин жалпы абалын жакшыртуу жана иммундук системаны колдойт. Мындан тышкары, айрым изилдөөлөр көрсөткөндөй, ал жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун азайтып, ал тургай арыктоого жардам берет. Жашыл чайдын ден-соолукка пайдалуу жактары көп, мисалы: 1. Антиоксиданттарга бай, алар клеткаларды […]

Сизге жагышы мүмкүн