Ден соолук үчүн пайдалуу кеңештер

Автор

– Өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

– Жемиштерди тамактан кийин эмес, тамакка чейин жеңиз.

– Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.

– Помидор жана цитрус өсүмдүктөрүн муздаткычка салууга болбойт. Алардын даамы жана жыты бузулат.

– Соя сүтүн аздан колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпой ичиңиз.

– Жүгөрүнү жумшак болушу үчүн тузсуз кайнатат.

– Помидорду ачкарын жегенге болбойт.

– Аквариумду тазалаганда суусун бөлмө гүлдөрүнө куйса, пайдалуу болот.

– Өттө таш пайда болбошу үчүн эртең менен тамактын алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

– Уктаарга 3 саат калганда тамактануу туура.

– Эгерде тамактын тузу өтүп кетсе, ага бир аз картошка кошуп коюңуз, ал тузду тартып алат.

– Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

– Желим контейнерди жабык сактоодо жыт пайда болуп кетпеши үчүн чымчым туз салып коюңуз.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан ЖККУдан чыгабы? Министр жооп берди

Казакстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуу ниети жок. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди. «Казакстан менен Армения ЖККУдан чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген маалымат тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт»,-деди Смадияров. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн