Газада 46 күндүн ичинде 5300 бала көз жумду

Автор

Газа тилкесинде 46 күндүн ичинде 5300 бала каза болгон, бул күнүнө 115 балага барабар болууда. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газа боюнча жыйынында билдирди.

Рассел Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышууда гуманитардык тыныгууга жетишүү жетишсиз экенин, Газадагы кан төгүүнү токтотуу үчүн тез арада гуманитардык элдешүүнү жарыялоо маанилүү экенин белгиледи.

Ал Газанын түштүгүндөгү аскерий активдүүлүктүн күчөшүнө көңүлдөрдү буруп, Палестина эксклавынын түштүк бөлүгүнө кол салуулардын алдын алууга чакырды.

Рассел азыркы кризис учурунда каза болгондордун саны абдан көп экенин белгиледи. Анын айтымында, БУУ балдарга карата укук бузууларды 17 жылдан бери каттап келет жана бул аралыкта каза болгон балдардын саны 1653 болгон.

«46 күндүн ичинде эле 5300 палестиналык бала каза болду. Бул күнүнө 115 балага туура келет. Газада каза болгондордун 40 пайызын балдар түзөт. Мындай абал мурда болгон эмес. Газа балдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жер”,-деп баса белгиледи ал.

Рассел 1200дөй бала дагы эле урандылардын астында калганын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркан Шорай Кыргызстандан абдан толкунданып,таасирленгенин жазды

Атактуу түрк актрисасы Түркан Шорай Кыргызстанга келип, аябай толкунданганын жана таасирленгенин өздүк баракчасына жазды. “Чыңгыз Айтматовдун үй музейине бардым. Үй-бүлөсү менен тааныштым. Мурда келгенимде Чыңгыз Айтматов дал ушул үйүндө конок кылган эле. Азыр ошол күндү эстеп, толкунданып отурам. Улуу инсан отурган үстөлгө отуруп, анын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлаштым. Мен тартылган […]

Сизге жагышы мүмкүн