Гагаузиянын башчысы Путин менен Эрдоганга арызданды

Автор

Молдовага карашту Гагаузия мамлекетинин (башканы) төрайымы Евгения Гуцул орус президенти менен жолугушту. Мындай маалыматты ал телеграмм каналынан маалымдады.
“Владимир Путин менен татаалдашып бараткан регионалдык маселелерди жана биздин Гагаузиянын тегерегиндеги проблемаларды талкууладык. Мен ага Молдованын мыйзамсыз аракеттерин, анын ичинде биздин жарандык багытыбыз менен улуттук кызыкчылыгыбыздын кертилип баратканын айттым. Кишинев биздин укуктарыбызды тепсеп, бюджетибизди азайтып, Гагаузияны башаламандыкка түртүп жатат. Орус президенти Гагаузия улутуна жардам берүүгө убада берди”,- деп жазды ал.
Төрайым Евгения Гуцул расмий Анкарага да кайрылуу жолдоп, “Түркия биздин укуктарыбыздын корголушунда Молдованын тизгинин тартат деп ойлойм”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу сакталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына таянсак, 11нен 13-мартаа чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү түшүү коркунучу жогору аймактар: Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чак. (Ала-Бел ашуусу, […]

Сизге жагышы мүмкүн