Володимир Зеленский АКШ кыянатчылык кылбайт деп ишенет

Автор

«Орус-Украина» согушуна 2 жыл болду. Мындан улам президент Володимир Зеленский калктын суроолоруна жооп берүү үчүн түз байланыш уюштурду.
Ал Украина куралдуу күчтөрүнө 500 миң кошумча күч керек экенин билдирип, “эгер орток пикирге келе алсак, жеңиш биздики болот”,- деди. Ошондой эле Европа биримдигинен бөлүнгөн 50 млрд доллар Украинаны жеңиштин эшигине чейин алып бараарын билдирди. “АКШ убадасына турат жана бизге кыянатчылык кылбайт деп ишенели”,- деди Зеленский. Бирок, Батыш Украина куралдуу күчтөрүнүн алсыраганына кабатыр. Ал эми Путин “Украинанын бөлүнбөс бүтүндүгүнө бир гана Орусия кепил боло алат. Биз Орусияга таандык болгон аймактарды сөзсүз кайтарып алабыз”,- деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 16-январга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 32 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн