Венгриянын парламенти Швециянын НАТОго кошулушун жактырды

Автор

Венгриянын Мамлекеттик Ассамблеясы (парламент) Швециянын НАТОго кирүү жөнүндөгү арызын ратификациялады.
26-февралдагы жыйында бул чечимге 188 депутат макул, алтоо каршы добуш берди. Венгриянын парламентинде бардыгы болуп 199 депутат бар.
Венгрия Швециянын блокко кошулуусу үчүн макулдугу зарыл болгон НАТОнун акыркы өлкөсү болчу.
Эми расмий процедуралар аяктагандан кийин Швеция НАТОнун 32-мүчөсү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Эсептик чен 13 пайыз деңгээлинде калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы таратты. Инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2024-жылдын февраль айында былтыркы жылдын декабрь айындагы 7,3% деңгээлинен 5% ылдыйлады. Ал эми ушул жылдын башынан бери өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагындагы өсүштөргө байланыштуу ички дүң өнүм (ИДӨ) 7,4 пайызга […]

Сизге жагышы мүмкүн