Бүгүн  эл аралык студенттердин күнү

Автор

Бүгүн  17-ноябрь эл аралык студенттердин күнү. Бул салтанат 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында Студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген.

Майрамдын тарыхына кайрылсак, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехословакияда башталган трагедиялуу окуяга байланыштуу.

1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда улутчул фашисттер тарабынан оккупацияланган студенттер жана окутуучулар өлкөнүн түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрация басып алуучулар тарабынан токтотулуп, медицина факультетинин студенти Ян Оплетал окко учкан. Анын өлүмү көптөгөн студенттерди кайрадан каршылык акциясына чыгууга мажбур кылган.

17-ноябрда жүздөгөн демонстранттар камалып, Чехословакиянын Студенттер кеңешинин тогуз активисти эч кандай соту жок атылган. Гитлердин буйругу менен согуш бүткөнчө чех окуу жайларынын бардыгы жабылган жана мүлкү конфискацияланган. 1989-жылы кайрадан студентердин демонстрациясы уланган.

Эскерте кетсек, студенттер күнү Кыргызстанда расмий болбосо да 1990-жылдан бери студенттер арасында такай майрамдалып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте эл аралык кинофестивалы өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу «Бишкек эл аралык кинофестивалы»  өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Иш-чаранын расмий ачылышы  бүгүн, 17-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  саат 19:00 башталат. Иш-чарада эки башка категорияда сынак юуштурулуп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма ат салышат. […]

Сизге жагышы мүмкүн