Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

Автор

Бүгүн президент Садыр Жапаров Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балаты майрамына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.
Жаңы жылдык театралдаштырылган концерттик программа УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 22-декабрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.10 сомдон болсо, сатуу 89.50 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88 сом 88 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн