Быйыл өтө турган эл аралык спорттук иш-чаралар аталды(тизме)

Автор

2024-жылы Бишкек шаарында бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда белгилүү болду.
Ага ылайык, Бишкек шаарында төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт:
– 2024-жылдын 21-февралынан 26-февралына чейин 19 жашка чейинки өспүрүмдөр жана кенже балдар арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу;
– 2024-жылдын 26-февралынан 3-мартына чейин бильярд боюнча эркектер жана аялдар арасында дүйнө чемпионаты;
– 2024-жылдын 10-мартынан 16-мартына чейин «А» тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;
– 2024-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин аялдар командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;
– 2024-жылдын 25-мартынан 30-мартына чейин угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионат;
– 2024-жылдын 11-апрелинен 16-апрелине чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты;
– 2024-жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү XXXIII Олимпиада оюндарына Азия квалификациялык (лицензиялык) турнири.
Бул спорттук иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн профилдик мамлекеттик органдар тиешелүү иш-чараларды өз убагында жана толук ишке ашыруусу зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Украин аскерлери Авдеевкадан чыгарылды

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Александр Сырский Донецк облусунун Авдеевка шаарынан украин аскерлери чыгарылып кеткенин жарыялады. “Авдеевканын айланасында түзүлгөн оперативдүү кырдаалга таянып, курчоого алынбоо жана адамдардын өмүрүн сактап калуу зарыл. Аскер кызматчыларынын ден соолугуна байланыштуу өз бөлүктөрүбүздү шаардан чыгарып, жакшыраак линияда коргонууга өтүүнү чечтим»,-деп жазган Сырский. Ал украин аскерлери өз […]

Сизге жагышы мүмкүн