Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынабы?

Автор

Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев   «Биринчи радиого» курган маегинде айтты. Ал ошол эле учурда өчүрүүлөр болбой турганына ишендирди.

 

«Быйыл кыш татаалыраак болгону жатат. Буга чейин маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт дегенбиз, ошентип кыш мезгилин жакшы өткөрдүк. Быйыл суунун тартыштыгына байланыштуу чыгым да көбүрөөк болуп жатат. Ошого байланыштуу быйыл кышында электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салабыз. Бирок ар бир үйдө алдын ала эсеп менен 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. «Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт» деген сөздөр тарап жатыптыр, маалыматтар туура эмес», — деди министрдин орун басары.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу Украинанын жоготууларын айтты

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу  Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, контрчабуул деп аталган операция башталгандан бери Киев 66 миңден ашык адамынан жана 7,6 миң куралынан ажыраган. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги менен тематикалык селектордук кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө министр Украина жарандык объекттерге кол салуу менен өзүнүн чабуулунун ийгиликсиздигин […]

Сизге жагышы мүмкүн