Быйылкы көл сезонунда Оштон Тамчыга алгачкы аба каттамы учуп барды

Автор

Бүгүн, 30-июнда “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту биринчи жолу Ош шаарынан 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилинде учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдарды “Тез Жет” авиакомпаниясы RG 85 учагы менен аткарат. Биринчи катам менен Ош – Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти.

Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Каттамдар 31-августка чейин каттайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Футзал боюнча улуттук курама CAFA Futsal Cup-2023 турнирине катышат

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы CAFA Futsal Cup-2023 турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-30-июль күндөрү Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Борбордук Азия футбол ассоциациясынын футзал боюнча улуттук курама командалар арасындагы биринчи турнири орун алат. Борбор Азиянын эң күчтүү команда наамы үчүн Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана […]

Сизге жагышы мүмкүн