БУУ: Гуманитардык жардам кызматкерлерин бутага алуу кабыл алынгыс

Автор

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кагылышууларда гуманитардык жардам кызматкерлерин бутага алуу кабыл алынгыс экенин билдирди.
Уюмдун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттин  “Газада канча гуманитардык жардамчы көз жумду? БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Украинадагы согуш башталгандан бери 14 гуманитардык жардам кызматкери жана 9 миң 900 жарандын каза болгондугу билдирилди.  Эл аралык коомчулук бул маселеге олуттуу тынчсыздануусун көрсөтүүдө. БУУ кооптонууну жоюу үчүн кандайдыр бир кадамдарды жасоо ниети барбы?”-деген  суроолоруна жооп берди.
Дюжаррик Газада көз жумган гуманитардык жардамчылардын санынын 66 болгонун белгиледи.
Мындай кызматкерлердин дүйнөдөгү ар түрдүү кагылышууларда ар дайым алдыңкы сапта экенине көңүл буруп,  кээ бир аймактарда бул сандардын мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Бул абалдын Украинанын Түштүк Суданында жана азыр Газада болгонун белгилеген Дюжаррик Газада болжол менен 13 миң гуманитардык жардам кызматкеринин иштеп жатканын эске салды. Алардын көбү палестиналык экенин жана абдан оор шарттарда адамдарга жардам берүүгө аракет кылып жатканын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Грек-рим күрөшү (U-23) боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Албаниянын Тиран шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спортчуларды “Манас” эл аралык аэрпортунан Дене тарбия жана спорт департаменинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, КРнын күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары […]

Сизге жагышы мүмкүн