Бул аптада аба ырайы кандай болот?

Автор

Кыргызгидромет агенттиги бул  аптага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, алдыдагы аптада өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Чүй, Талас облустары

5-6-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. 7-8-мартта Чүйдө кар жаап, ал эми Таласта күн ачык болот. 8-9-мартта жааган жамгыр карга айланат. Ал эми 10-11-мартта күн ачык болот.

Ош облусу

Аптанын башында облус боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. 9-10-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар жаашы күтүлөт. Ал эми 11-мартта күн ачык болот.

Жалал-Абад облусу

5-6-мартта тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-8-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-мартта күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 9-10-мартта өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 11-мартта тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Баткен облусу

5-7-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 8-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 9-11-мартта жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

5-8-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 9-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 10-11-мартта жаан-чачын болбойт.

Нарын облусу

5-8-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 10-11-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эл Украинага курал жеткирүүгө каршы чыкты

Австриянын баш калаасы Венада эл жекшемби күнү Украинага курал-жарак жеткирүүгө каршы митинг чыкты. Нааразылык акциясынын катышуучулары Австриянын бейтарап позициясын жана анын көз карандысыз саясатын колдошту. Алар шаардын айланасында тынчтыкка жана өлкөнүн аскерий бейтараптыгына чакырган ураандарды көтөрүп жүрүштү. Буга чейин Австриянын коргоо министри Клаудиа Таннер Вена азыркы шартта Украина тарапты колдобой […]

Сизге жагышы мүмкүн