Кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча 7 документке кол коюлду (тизме)

Автор

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Россиянын биринчи президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россия Федерациясынын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

Россия Федерациясынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Бөлүшүү:
Next Post

Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди

Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. “Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь президентин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Сапардын алкагында президент Александр Лукашенко үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргызстан КМШга […]

Сизге жагышы мүмкүн