Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек

Автор

Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясы 2022-жылдын сентябрындагы чек ара урушунда талкаланган үйлөрдү куруу, Баткен районунун аймагындагы инфраструктуралык объектилерди реконструкциялоо жана социалдык объектилерди оңдоо маселесин каралып жатканда белгилүү болду.

Жыйында мамкурулуштун директорунун орун басары Азирет Акимов  учурда Баткен облусунда 417 үй курулуп жатат, анын 316сы Баткен районунда, жүзү Лейлек районунда жана бир үй Баткен шаарында курулушу аяктап жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал 332 үйдүн бүткөнүн, 60 үйдүн ички дубалы тургузулуп жатканын, 18 объекттер чатыр жасалып жатканын кошумчалады.

Депутаттар калган үйлөрдүн курулушу качан бүтөөрүн сурашканда, Акимов бүтүрүү мөөнөтү 1-майга жылды деп жооп берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Эркин күрөш боюнча балбандар Азия чемпионатда  төрт медаль тагынды

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Казакстандагы Азия чемпионатында жалпы төрт медаль жеңди. Астана шаарында 13-14-апрелде эркин күрөш боюнча таймаш өтүп, кыргыз балбандары бир алтын, бир күмүш жана эки коло медалга ээ болушту:   1-орун — Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг); 2-орун — Алмаз Сманбеков (57 кг); 3-орун — Орозобек […]

Сизге жагышы мүмкүн