Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөр атып түшүрүлөт

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрүн түшүрүү иш-чараларын жүргүзөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, аталган унаа жолдо жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.
«Бишкек – Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255- километриндеги кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда ӨКМге караштуу башкармалыктар, кызматтар иш-чараны КРнын Коргоо министрлиги менен биргеликте аткарышат»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар февралда 3 күн катары менен эс алышат

Кыргызстандыктар февраль айында 3 күн катары менен эс алышат. КР Эмгек кодексине ылайык, 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү. Майрам жума күнгө туш келет. Натыйжада кыргызстандыктар 23-февраль жума, 24-февраль ишемби жана 25-февраль жекшемби — 3 күн катары менен эс алышат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн