Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун маданият күндөрү өтүүдө

Автор

Бишкек шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата маданият күндөрү уланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданият күндөрүнүн программасына ылайык, 13-июнь күнү Токтогул  Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында саат 18:30 да түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү, 40 манасчынын бирге манас айтуусу орун алып,  ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин чыгармачыл топторунун катышуусу менен “Биз биргебиз” Гала-концерти өтөт.

Аталган маданият күндүн концерттик программасына катышуу үчүн түрк дүйнөсүнүн  100дөн ашуун искусство чеберлери катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Илон Маск немистердин Leopard 2 танктарына баа берди

Америкалык миллиардер Илон Маск өзүнүн Twitter баракчасына украин аскерлери немистердин Leopard 2 танктарын жоготкондугу тууралуу комментарий берди. Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири пост жарыялап, анда Leopard 2лерди колдонууга украин аскерлери жетишээрлик деңгээлде даярданбаганын айтып, мүмкүн болгон жаңы жабдыктар текке кетет деп эсептеген. “Аз сандагы танктар танкка каршы курал жана миналар менен […]

Сизге жагышы мүмкүн