Бишкекте суу каптаган жерлер тазаланып жатат

Автор

Бишкектеги суу каптаган жерлер тазаланып жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн күн батыш тарабында (Донецкий көчөсүнө жакын) Ала-Арча дарыясынын нугу музга толуп, суулар ашып мечиттин жана унаа сатуучу салондун короолорун, унаа жолду кар аралаш суулар каптаган.
Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 1 экскаватор, 2 Хово тартылып, тазалоо ишин жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары түнү менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн чатыр тигилип, ысык чай уюштурулду.
Тазалоо ишине ошондой эле «Тазалык» ишканасы, «Бишкек Суу канал» «Бишкек жашыл чарба» ишканасы «Бишкек «Бишкекжылуулукэнерго» «Бишкекасфальтсервис» ишканасынан жалпы 31 техника жана 50дөн ашуун кызматкер тартылып, тазалоо иш чараларын аткарууда. Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдик курултайдын 1- төрагасы Кадыр Кошалиев сөз сүйлөдү

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда. Жарыш сөзгө Элдик курултайдын 1-төрагасы Кадыр Кошалиев сөз сүйлөп Элдик курултай саясий эрк менен ишке ашкандыгын белгиледи. “Бул идеяны ишке ашырууда салым кошкондор арасындагы көзү өткөндөрдү айта кетейин. Алар Нурак Абдрахманов, Хусейин Исаев, Мар Байжиев, Кенжалы Сарымсаков, […]

Сизге жагышы мүмкүн