Бишкекте жеңил өнөр жай тармагында бизнес форум өтөт

Автор

Бишкекте 9-августта текстиль жана жеңил өнөр жай тармагында II кыргыз-корея бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара NOVOTEL бизнес борборунда өтөт. Башталышы саат 10:00.

Форумга КР мамлекеттик органдарынын, кореялык жана кыргызстандык алдыңкы текстиль компанияларынын, эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын максаты эки өлкөнүн текстиль өнөр жайын түшүнүүнү бекемдөө, өз ара алмашууга көмөктөшүү жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 21ге жетти

Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкер Капаров Чынгыз Капаровичтен арыз түшкѳн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 10-августта аяктайт.   Талапкерлердин тизмеси:   Эртай Искаков; Аскар Алмаз уулу; Эркин Булекбаев; […]

Сизге жагышы мүмкүн