Бишкекте ар дем алыш сайын айыл чарба жарманкеси өтөт. Даректери

Автор

Бишкек шаарында 11-12-ноябрдан тарта кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Белгиленгендей, жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.

Жарманке өтүүчү жайлардын дареги:

 

— Биринчи май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин;

 

— Октябрь району (Нуркамал Жетикашкаев-Айтиев-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 7:00дөн 19:00гө чейин чейин;

 

— Свердлов району (Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдө биринчи жолу адамдын көзү алмаштырылды

АКШда тарыхта биринчи жолу дарыгерлер адамдын көзүн толугу менен алмаштыруу операциясын жасашты. Бул тууралуу Нью-Йорк университетинин медициналык борбору кабарлады. “Нью-Йорк университетинин Лангоне медициналык борборундагы хирургдар тобу дүйнөдө биринчи жолу бүт көздү жана беттин бир бөлүгүн трансплантациялоо операциясын жасашты”,-деп айтылат Рейтерс агенттигинин маалыматында. 27-майда болуп, 21 саатка созулган уникалдуу операцияга 140тан […]

Сизге жагышы мүмкүн