Бишкекте айыл чарба көргөзмөсү өтүүдө

Автор

Бүгүн, 20-ноябрда  айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «АгроТехЭкспо-2023», «Органик Экспо-2023» республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өтүүдө.

Иш-чараны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, андагы экспонаттар менен таанышты.

Анда айыл чарба техникасынын, кайра иштетүү өнөр жайынын жабдууларынын, жаңы инновациялык технологиялардын, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, асыл тукум малдын породалары жана башка айыл чарба товарларынын жаңы үлгүлөрү көрсөтүлүүдө.

21-октябрда көргөзмөнүн алкагында «Органикалык азыктар — келечек муундардын саламаттыгынын кепилдиги» форуму өтөт. Форумда долбоорлор, Кыргызстандагы органикалык сектордун абалы жана аны өнүктүрүү пландары көрсөтүлөт.

Бул иш-чаралар өлкөдө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана жайылтуу, органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоо максатында жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары «Алтын күз» жарманкеси бул күнү да улантылат. Ага айыл чарба ишканалары, багбандар, фермерлер, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары катышат. Жарандар продукцияны өндүрүүчүлөрдөн дүң баада сатып ала алышат.

Көргөзмө борбор калаанын борборунда 15 миң чарчы метрден ашык аянтта өтүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин башкы штабга барды. Байден Израиль менен Украинага каражат сурады

Президент Владимир Путин Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Ростов-на-Дону шаарындагы башкы штабына барды. Ага Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Украинадагы аскердик операциянын жүрүшү тууралуу маалымат берди. АКШ президенти Жо Байден элге кайрылуусунда Украина менен Израилге жардам берүү үчүн Конгресстен кошумча каражат сурай турганын билдирди. Пентагондун басма сөз катчысы Патрик […]

Сизге жагышы мүмкүн