Бишкекте автобус, троллейбустарга накталай төлөмдөр алынат

Автор

20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алып салынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

 

Жүргүнчүлөр үчүн биз накталай эмес төлөм ыкмаларынын кеңири жолдорун сунуштайбыз.

 

Сиз төмөнкү жолдор менен төлөй аласыз:

 

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

 

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

 

— Виртуалдуу NFC картасы;

 

— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

 

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Бөлүшүү:
Next Post

Жевхер Көнулдаш Бодрум башчысы болду

Өткөн жылдын декабрь айында Зафер партиясынын Бодрум районунун төрагасы Мюрсел Йүксел ден соолугуна байланыштуу кызматынан кеткен. Жеңиш партиясынын Бодрум райондук төрагалыгында кызмат ордуна 41 жаштагы ишкер Жевхер Гөнүлдаш дайындалды. Күйүүчү май бөлүштүрүү тармагында ийгиликтерди жараткан Гөңүлдашка төш белгисин партиянын төрагасы Үмит Өздаг тапшырды. Өздаш билдирүүсүндө: «Урматтуу досторум, аксакалдарым, агаларым, кесиптештерим. […]

Сизге жагышы мүмкүн