“Бишкексуучарбанын” директору иштен алынды

Автор

Кечээ Ала-Арча каналынан суу көп келип, натыйжада, көчөлөрдү, жолдорду айрым үйлөрдү каптаган. Шаар бийлиги буга аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшү себеп болгонун билдирди. Окуядан кийин мэр Айбек Жунушалиев орун басары Жыргалбек Шамыралиевге, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевге сөгүш жарыялап, “Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун кызматтан алды. Ага “Ала-Арча дарыясынын нугундагы муздарды азайтуу боюнча иштерди жакшы жүргүзгөн эмес жана кырдаалды өз убагында жөнгө сала алган жок”, – деген күнөө коюлган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте суу каптаган жерлер тазаланып жатат

Бишкектеги суу каптаган жерлер тазаланып жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн күн батыш тарабында (Донецкий көчөсүнө жакын) Ала-Арча дарыясынын нугу музга толуп, суулар ашып мечиттин жана унаа сатуучу салондун короолорун, унаа жолду кар аралаш суулар каптаган. Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн […]

Сизге жагышы мүмкүн