Биология боюнча Британ олимпиадасынын жеңүүчүлөрү “Сапатта” конокто болушту

Автор

Биология боюнча Британ олимпидасынын жеңүүчүлөрү “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башкы кеңсесинде конокто болушту.
Эске салсак, биология боюнча Британ олимпиадасы үстүбүздөгү жылдын 10-февралында болуп өтүп, ага дүйнөдөгү 1000ден ашуун мектептен 15000 окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан 116 окуучу катышса, арасынан 17 окуучу ийгиликтүү орундарды багынткан. Тагыраак айтканда 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышкан.
Алардын ичинен “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары 12 медалга татыктуу болушту.
Данияр Гаипов, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – алтын;
Азирет Анварбеков, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи, 11-класс – алтын;
Нурсултан Увалиев, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи, 10-кл – алтын;
Байзак Карыпжанов, “Манас-Ата” Талас лицейи, 11-класс – алтын;

Рахман Марат уулу, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – күмүш;
Айбийке Базарбаева, United World International School, 11-класс – күмүш;
Дамир Маджунов, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – күмүш;
Али Эшматов, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 11-класс – күмүш;
Өмүрбек Русланбеков, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – күмүш;

Элхан Акимов, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 9-класс – коло;
Самиева Мелита, Бишкектеги “Айчүрөк” лицейи, 11-класс – коло;
Мухтадил Хамитжанов, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 9-класс – коло медалга ээ болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Надира Нарматова: "Мандатты тапшырууга негиз жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова өзү жөнүндө айтылган айрым айың кептерге комментарий берип, Кыргызстандын Алмата шаарындагы консулдук кызматына баратканын төгүндөдү. Ал деле эл катары ММКлардан укканын, мандатын тапшырууга негиз жок экенин айтты. “Мени Раимбек Матраимовго байланыштырып жүрүшөт. Ал киши менен кыргыз чиновниктеринин жана саясатчыларынын 99 пайызы тааныш. Ал жөн бала […]

Сизге жагышы мүмкүн