Билим берүү министри Улуттук аккредитациялык кеңештин отурумун өткөрдү

Автор

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Улуттук аккредитациялык кеңештин отурумун өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумда аккредитациялык агенттиктердин 2022-жылдагы ишинин отчеттору угулуп, алардын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы каралды.

Отурумдун катышуучулары мониторингдин жыйынтыгын талкуулап, аккредитациялык агенттиктерге жана окуу жайларга бир катар сунуштар берилди.

Министр Каныбек Иманалиев Аккредитациялоо секторуна аккредитациялоонун укуктук ченемдик актыларын бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен мезгил талабына ылайык кайрадан иштеп чыгууну тапшырды.

Бөлүшүү:
Next Post

"Реал Мадрид" клубу  Модрич менен келишимин узартты

Мадриддик “Реал ”  клубу хорватиялык жарым коргоочу Лука Модрич менен келишимди узартты. Бул тууралуу мадриддик клубдун басма сөз кызматы билдирди. Булактын айтымында, жаңы келишим 2024-жылдын июнь айынын аягына чейин эсептелинет. Модрич “Реалдын” курамында 11 жылдан бери ойноп келет. 2022/2023 сезонунда хорватиялык жарым коргоочу “Реалдын” курамында бардык мелдештерде 52 матчка чыгып, […]

Сизге жагышы мүмкүн