Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады

Автор

31-майда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн-Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Жогорку Кеңештен макулдук сураган катын жолдоду. Төрага Нурлан Шакиев билдиргендей, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду КР кылмыш жаза кодексинин 36-беренесиндеги 278-беренесинин 1-пунктундагы жана 36-беренесиндеги 326-беренесиндеги кылмыштарды жасагандыгы үчүн жана 338-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.
Депутат Адахан Мадумаров “эмне, Кыргызстандын суусун ичип коюпмунбу же, абасынан дем алып коюпмунбу”,- деп сурады эле төрага “комиссия түзүлүп, добуш берүүгө келгенде сиз да, Курманкул Зулушев да сүйлөйсүздөр”,- деп жооп берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Мал салыгы тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев  мал ээлерине салык салуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынганын билдирди.  Бул тууралуу эл өкүлү соцтармактагы баракчасына жазды. «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору коомдук талкуудан алынды. Белгиленген сандан ашкан мал жандыкка салык киргизүү, ошондой эле жер салыгынын суммасын көбөйтүү боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөрдү […]

Сизге жагышы мүмкүн