Баткен чек арасындагы айылга жаңы оорукана курулду

Автор

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду. Жакында пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында президенттин жеке колдоосу менен курулган. 75 орунга ылайыкташтырылган оорукананын курулушу толугу менен президенттин фондунан каржыланып, жалпы 100,56 млн сом жумшалды.

Учурда курулуш толугу менен аяктап, керектүү эмеректери менен да камсыздалган.

Бүгүн облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев жаңыдан курулган оорукананын имаратынан кабар алышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жатаканада өрттөн 13 адам көз жумду

Алматыдагы мейманканадагы өрттөн эвакуациялангандар жакын жердеги мектепке жайгаштырылып, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүлүүдө. 30-ноябрь күнү саат 08:40та өрт болгон жерден 59 адам эвакуацияланып, алардын үчөө саат 08:40та тез жардам ооруканасына жеткирилген.  “Учурда 56 адам жакын жердеги мектепке убактылуу жайгаштырылган. Ысык тамак берилип, керектүү медициналык жана психологиялык жардамдар толугу менен көрсөтүлүп […]

Сизге жагышы мүмкүн