Баткен окуясында курман болгондорго эстелик тургузулду

Автор

Бүгүн 15-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү.

Иш чаранын алкагында “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду.

Эстелик мемориалында колуна жети көгүчкөндү кармаган, чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын элеси, тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу чагылдырылган. Эстеликтин автору, жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов.

Бөлүшүү:
Next Post

GoBus автобустары Ысык-Көлгө түнү да каттайт

GoBus автобустары күзгү графикке өтүүдө. Эми каттамдар көбөйө турганын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 16-сентябрдан тарта Бишкек-Каракол багытындагы GoBus автобустары мурдагыдай саат 08:00дө эмес, саат 10:00дө жөнөйт. Ошол эле учурда автобус Каракол шаарынан каттайт. Бишкекке да саат 10:00дө каттайт. GoBus компаниясынын негизги жаңылыктарынын бири бул Ысык-Көлгө түнкү […]

Сизге жагышы мүмкүн