«Баткен» аэропорту убактылуу жабылды. Себеби

Автор

«Баткен» аэропорту 1-апрелден тарта оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аэропортто аэродромдун элементтерин оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

«Манас» эл аралык аэропорту келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кемпир-Абад иши боюнча беш  адам үй камагына чыгарылды

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Мамбетжунус Абылов , Улукбек Маматаев жана Таалайбек Мадеминов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды Эске сала кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун […]

Сизге жагышы мүмкүн