«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна 105,6 млн сом жумшалды

Автор

Январь-февраль айында “Балага сүйүнчү” бир жолку төлүмүн 26 миң 377 бала алды. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.
Ал үчүн 105,6 млн сом каржыланды.
Белгилеп кетсек, ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сомдон берилет. Үч эмге, же андан көп төрөлгөн балдарга сүйүнчү 50 миң сомдон болот.
Эске салсак, “Балага сүйүнчү” 2018-жылдан бери берилип келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Учкучсуз учактарды учурган москвалык кармалды

ФСБ абадан коргонууга таасир этүүчү учкучсуз учактарды учурган Москванын тургуну кармалганын жарыялады. Кармалган адам Украинанын атайын кызматында иштеген жана алар менен өзү байланыш түзгөн. ФСБнын маалыматына караганда ал киши “Россия Коргоо министрлигинин объектилерине жакын жерде жалган буталарды түзүү үчүн учкучсуз аба түзүмдөрүн чогултуп, учурган. Ошондой эле шектүү тапшырмаларын аткарып, кураторлорго […]

Сизге жагышы мүмкүн