Учкучсуз учактарды учурган москвалык кармалды

Автор

ФСБ абадан коргонууга таасир этүүчү учкучсуз учактарды учурган Москванын тургуну кармалганын жарыялады.
Кармалган адам Украинанын атайын кызматында иштеген жана алар менен өзү байланыш түзгөн. ФСБнын маалыматына караганда ал киши “Россия Коргоо министрлигинин объектилерине жакын жерде жалган буталарды түзүү үчүн учкучсуз аба түзүмдөрүн чогултуп, учурган. Ошондой эле шектүү тапшырмаларын аткарып, кураторлорго жасалган иштер тууралуу фото жана видео отчетторду жиберген.
Кармалган адам жасаган кылмышын мойнуна алып, күч органдарына тетиктер сакталган жерди көрсөтүп берген.
Аталган факты боюнча мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Ажылык-2024: Зыяратчыларды Flaynas жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт

Кыргызстандык зыяратчыларды Flaynas жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, Flaynas авиакомпаниясы каттамдарды Бишкектен аткарса, ал эми Jazeera Airways авиакомпаниясы Ош багыты боюнча аттанган зыяратчыларга кызмат көрсөтөт. Эске салсак, быйыл Сауд Аравиясы 2024-жылкы ажылыкка Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылык сапардын баасы 3 миң 750 доллар деп белгиленген. […]

Сизге жагышы мүмкүн