Байчечекей кантип пайда болгон?

Автор

Кайсы бир уламышта Адам ата менен Обо эне бейиштен чыгарылганда катуу кар жааганы айтылат. Кыш көпкө созулуп, катуу суук өкүм сүрүп, муздак, ырайымсыз ызгаар эч кимди аябады.
Ошондо Обо эне Эдемдин жылуу бакчаларын эстеп, үшүп – тоңуп, ыйлай баштады. Ал оорудан, сууктан эмес, кетирген катасы үчүн бейиштен ажыраганына өкүнгөнүнөн ыйлаптыр.
Анан Кудай аны аяп, көз жаштарын бул дүйнөнүн эң назик гүлүнө айлантат. Гүлдөрдү көргөн Обо көңүлү көтөрүлүп, жакшылыктан үмүттөндү. Ошентип кар бүртүгүнө окшогон байчечекейлер жаздын келгенинен кабар берип, кар үстүндө эрте пайда болот дешет…

Бөлүшүү:
Next Post

4000дей адам абактан качты

Куралдуу топтор Кариб деңизиндеги Гаити мамлекетинин борборундагы абактан 4000ге жакын туткунду бошотушту. Бул жайга чабуул ишемби күнү кечинде, Гаитинин премьер-министри бандиттерге каршы күрөшүү үчүн өлкөгө эл аралык контингентти жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кенияга кеткенден кийин болду. Кылмыштуу топтун лидерлеринин бири ага каршы согуш жарыялады. Шаар бийлиги унаасы жана куралы […]

Сизге жагышы мүмкүн