Ашуулардагы абал айтылды

Автор

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылып, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон, Чапчыма, Сөөк жана башка ашуу участокторуна баруучулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында чынжырлары болуусу керектигин эскертти.
Министрликтен белгилешкендей, жолдордун тоолуу тилкелеринде тыгын пайда болгон учурда каршы тилкеге чыкпоо жана кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды чачуу менен алектенген атайын техниканын кыймылына тоскоолдук кылбоо зарыл.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында секундасына 15-20 метрге жетет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү көбөйдү

Өнүктүрүү фонддору аркылуу Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 50%га өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйында билдирди. Кийинки жылы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы долбоорлорду каржылай баштай тургандыгын айткан министр 2023-жыл аралыгында долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүүгө багытталган каражат Улуттук банкка которулгандыгын белгиледи. . Муну менен катар […]

Сизге жагышы мүмкүн