Асман шаарынын курулушу белгилүү болду

Автор

Асман шаарынын кутучасы (капсула) 30-июнь күнү салынат. Анын долбоору даярдалгыча эле 2 жылдай убакыт кеткен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирди. Ал шаардын аймагы 4 миң гектар болот жана 400-700 миң адам жашайт. “Аны сырткы инвесторлор салат, шаар салгыдай бизде каражат жок. Жаштарды тарбиялап, айтып-дейли. Дагы сырттан келген инвесторлорду тоноп, акча бербесең антебиз, мынтебиз деп жүрүшпөсүн”,- деди жергиликтүү тургундарга кайрылып.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин учкучсуз учактардын Москвага чабуулун теракт деп атады

Россиянын президенти Владимир Путин Москвага учкучсуз учактын чабуулу орус куралдуу күчтөрүнүн Украинанын аскердик чалгындоо штабына жасаган соккусуна жооп болгонун айтты. «Биз буга чейин чечим кабыл алуу борборлоруна каршы сокку уруу мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшкөнбүз. Албетте, эки-үч күн мурда кол салууга кабылган Украинанын аскердик чалгындоо штабы да ушул категорияга кирет. Буга жооп […]

Сизге жагышы мүмкүн