Арменияга Карабактан 1,5 миң адам кирди

Автор

Жекшембиде Тоолуу Карабактан Арменияга 1,5 миңден ашуун адам кирди.
Армениянын министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда саат 24.00гө карата Тоолуу Карабактан Арменияга 1510 адам кирген. Алардын 1060ынын каттоосу кабыл алынган. 450 адамдын муктаждыктары такталууда.
Каттоодон өткөн 503 жарандын 1060ы өзү каалаган жашаган жерине көчүүнү каалашса, 557си өкмөт тарабынан сунушталган жерлерге бөлүнгөн.
Азербайжан 19-сентябрда Карабакта аскерий операциясын баштап, аны конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү үчүн “жергиликтүү мүнөздөгү антитеррордук чаралар” деп атаган. Ереван муну агрессия катары мүнөздөп, Карабакта армян бөлүктөрү жок деп билдирди. Бир күндөн кийин россиялык бейпилдик күчтөрүнүн ортомчулугу менен ок атышпоо боюнча келишимге жетишилди, элдешүүнүн шарттарынын арасында, армян күчтөрүн куралсыздандыруу жана Карабактан оор техникаларды чыгаруу белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдөн 17 гектар жер Азербайжанга берилет

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынан Азербайжан Республикасына 17 гектар жер берилет. Азербайжан менен түзүлгөн келишимди Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети жактырып, колдоп берди. Анын 12 гектары өздөштүрүлүп, 4 гектары парк ал эми 1 гектарына пляж аймагы орун алат жана 5 жылдыздуу отель салынат. Кыргыз тарап  10 жыл салыктан бошотуу, суу киргизүү, электр тартуу […]

Сизге жагышы мүмкүн