Аптанын икиясы: Каардануу жана таарынычтын жүгү жөнүндө

Автор

Бир киши  даанышман аксакалга келип: “ – Сиз абдан акылдуусуз.  Ар дайым маанайыңыз ачык, эч качан ачууланбайсыз. Мага да ушундай болууга жардам бериңизчи”, – дейт. Аксакал макул болуп, ал кишиден картошка жана баштык алып келүүсүн өтүнөт. – Эгерде сен  бирөөгө ачууланып, кек сактасаң анда картошканы ал – деди аксакал. Ар бир  картошкага нааразы болуп жүргөн  адамдын аты-жөнүн жазып,  баштыкка сал. – Ошол элеби?  – деп сурады, таң калган киши. – Жок, – деп жооп берди карыя. Бул баштыкты дайыма жаныңда алып жүрүшүң керек. Ал эми кимдир бирөөгө таарынган сайын картошкага атын жазып кошуп турасың . Ал киши макул болду. Бир аз убакыт өттү. Анын баштыгы көп картошка менен толукталып, бир топ оорлошуп калды. Аны дайыма жаныңда алып жүрүү абдан ыңгайсыздык жааратты. Анын үстүнө башында салган картошкалары  бузула баштады. Алар көгөрүп, кээ бирлери өнүп, кээ бири чирип, абдан жагымсыз жыт чыгара баштаган. Ошондо, ал киши аксакалга келип: “Муну мындан ары алып жүрүүгө болбой калды. Биринчиден, баштык өтө оор, экинчиден, картошкалар чирип  кетти. Башка нерсени сунуштаңызчы?” – деди. Ошондо аксакал жооп берди: Адамдардын  жан дүйнөсүндө да ушундай болот. Биз аны дароо эле байкабайбыз. Амал адатка, адаттар кулк-мүнөзгө айланат, бул ыпластыктарды пайда кылат. Мен сизге бардык процессти сырттан байкоого гана мүмкүнчүлүк бердим.  Сен ар бир адамга таарынганда же тескеринче бирөөнүн көңүлүн оорутканда, ал картошка сыяктуу акылыңда жүк болуп жүрө берет. Эми ойлонуп көр,сага ушундай  жүктүн кереги бар беле?” – деди аксакал.

Бөлүшүү:
Next Post

Сууну газ менен же газсыз ичкен жакшыбы?

Газдалган суу биринчи кезекте машыгуудан кийин сунушталат, анткени ал газсыз сууга караганда заара чыгарууну тезирээк стимулдайт, ошону менен организмден токсиндерди чыгарууга жардам берет. Кант менен байытылган газы бар суюктук организм үчүн коопсуз. Газдалган суунун пайдасы суусунду жакшы кандырат. Аны ичүү оңой жана даамдуу. Айрыкча, газдалган суунун организмге пайдасын дарыгерлер жакшы […]

Сизге жагышы мүмкүн