«Альфа Телекомдун» директорунун мурдагы орун басары кармалды

Автор

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдириет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды.

Такталгандай, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А., жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектеп окуучулары  жазгы каникулга тарайт

Кыргызстанда мектеп окуучулары 20-марттан 26-мартка чейин жазгы каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептердеги төртүнчү чейрек 27-мартта башталат. “2022-2023-окуу жылында окуучулардын жазгы каникулу 12 күнгө созулушу керек. Бирок январь айында өлкөдө сасык тумоодон улам кышкы каникул узартылганына байланыштуу жазгы эс алуу […]

Сизге жагышы мүмкүн