Алайда нааразычылык акциясына чыгышты

Автор

Алай районундагы оорукананы 15 жылдай убакыт башкарган Талант Белекбаевди кызматтан алуу буйругуна саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койгон. Бирок, өткөн жуманын аягында башкы дарыгерди колдогондор оорукананын алдында нааразычылык акциясына чыгышты. Өздүк булактарыбызга билдиришкендей, министрдин жаңы буйругуна ылайык Дайыр Адыров дайындалганы менен аны Алай райондук мамлекеттик администрациясынан келген өкүл кызмат ордуна отургуза албай койгон.

Белгилүү болгондой, Талант Белекбаев айтылуу саясатчы Акматбек Келдибековдун аталаш тууганы. Ал боор ооруларын айыктырган дарыгер катары белгилүү.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат эне тилинде сүйлөбөгөн чиновникти какты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахмановду суроолорго орусча жооп бергени үчүн кагып, эскертүү берди. “Сиз орусча сүйлөсөм эле кыйын көрүнөм деп ойлойсузбу? Маселен, депутат Чыңгыз Айдарбеков мен билгенден 5 тил билет, жөнөкөй болуп, кыргызча эле сүйлөп отурат. Биз сизге өткөн комитет жыйынында да […]

Сизге жагышы мүмкүн