Акын Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Автор

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын Кыргыз радиосунун баяндамачысы, акын, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Гүлжамила Шакирова 1955-жылдын 28-декабрында Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне тил» гезитинде кабарчы, 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосунда адабий редакцияда «Нуска», “Бейпил түн”, “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Илгеркиден икая”, “Мен кыргызмын”, “Бейне” аттуу программаларды даярдап эфирге чыгарган.

Гүлжамила Шакирова уктурууларды даярдоодогу артыкчылыгы үчүн УКТРнын “Мыкты журналисти” диплому, 1996-жылы “КТРдин отличниги” төш белгиси менен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Комитетинин 70 жылдык салтанатында «Ата-Журтка ак кызмат» аттуу ыры Гимн катары кабыл алынып, Президенттин Коопсуздук Комитетинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыктуу болгон.

Гүлжамила Шакированын 30дан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз радиосунун алтын казынасына алынган.

“Сапардагы каркыра” (Ырлар.1987), “Даанышман кеп” (1990), “Дилазык” (2004), “Карайлаба, кан Манастын тукуму” ( 2016) аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн Лукашенко ортомчу болду

Россия менен Беларуссиянын президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшүүдө “Вагнер” компаниясы менен түзүлгөн кырдаалда Минсктин ортомчулугу тууралуу макулдашты. Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул Беларус лидеринин демилгеси. Анткени ал Евгений Пригожинди көптөн бери, 20 жылдан бери билет. Песков “Вагнер” ПМКсы менен кырдаал жоготууларсыз чечилгенин, Беларуссиянын президенти Александр […]

Сизге жагышы мүмкүн