“Акылман” президенттик лицейи мугалимдерди издейт

Автор

“Акылман” президенттик лицейинин кыргыз класстары үчүн орус тили жана адабияты, география, технология, музыка, дене тарбия, МКТ мугалимдери, китепканачы жана психолог талап кылынат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бош орундарга талапкер катары сынакка катышуу үчүн 2023-жылдын 24-августу саат 17:00го чейин gsamakova2020@gmail.com электрондук дареги аркылуу төмөндөгү документтерди жөнөтүү керек:

 

– диплом;

– эмгек китепчеси;

– резюме;

– медициналык китепче.

 

Тандалып алынган талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрүлөт, андан соң талапкерлер комиссиянын баалоосу үчүн “ачык сабак” сунуштоосу тийиш. Сурап ​​билүү телефону: 0702250677.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурланбек Шакиев АКШнын сенатору Гэри Питерс менен жолугушту

Бүгүн, 21-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Америка Кошмо Штаттарынын сенатору Гэри Питерс менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш АКШнын Конгресси менен ар тараптуу алаканы арттырууга […]

Сизге жагышы мүмкүн