Акыйкатчы институтунун кызматкерлери акысыз кеңештерди берүүдө

Автор

Бишкектеги соода борборлорунда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери кыргызстандыктарга акысыз укуктук кеп-кеңештерди берип жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Зомбулукка каршы 16 күн” аталыштагы эл аралык акциянын алкагында өтүүдө.
Институттун кызматкерлери “Бишкекпарк” жана «АЮ гранд» соода борборуна келгендерге акысыз кеңештерди беришти.
Бүгүн, 8-декабрда институттун кызматкерлери «ГУМ» соода борборунда кеп-кеңештерди беришмекчи.
Акысыз консультация берүү боюнча үч күндүк марафондун алкагында соода борборлору институттун кызматкерлерин маалыматтык стенд жана орундар менен камсыз кылышты.
Келгендер кызматкерлерге төмөнкү маселелер менен кайрылышууда:
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту деген эмне жана институт өзүнүн мандатынын алкагында кандай иштерди алып барат?
Жерди пайдалануу боюнча кандай жол менен кимге жана кайсы мамлекеттик органдарга кайрылышса болот?
Эгерде баланын апасы экинчи ирет турмушка чыккан болсо, жашы жете элек баланы чоң ата жана чоң энесинин камкордугуна тез арада алууну кантип документтештирүү керек?
Документтерди СССР убагында гана алып өзүнүн жеке инсандыгын тастыктоочу документти жок адам кантип документ алса болот? Ал адам өмүр бою жайлоодо мал карап келген.
Эгерде жер салыгын төлөбөсө жер участогун кайра кайтарып алуулары мүмкүнбү?
115 шыр байланышына чалуу акысызбы? 115 шыр байланышы деген эмне?
Жарандык никеде туруп ажырашкандан кийин кантип алимент алса болот?

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Али Токтакуновду сыйлады

Журналист Али Токтакунов “Коррупцияга каршы күрөштүн” чемпиону болду. Ага сыйлыкты АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен тапшырды. Мамлекеттик катчы кыргыз журналистине сыйлык тапшырып жатып, “Али Токтакунов көз-карандысыз “Медиа Хабтын” жетекчиси. Аталган медиа коррупцияны ачыктап, жаштар арасында сабаттуулукту жогорулатуу максатында семинарларды өткөзүп турат”,- деген. Американын мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү коррупцияны ооздуктоодо кайратмандык […]

Сизге жагышы мүмкүн