АКШ Украинага дагы 125 миллион долларлык жардам берет

Автор

Америка администрациясы Украинага абадан коргонуу системаларын, курал-жарактарды жана жабдууларды камтыган 125 миллион долларлык аскердик жардамдын кезектеги пакетин жөнөтүүдө.  Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкендин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.
“АКШ бүгүн Украинанын элин өз өлкөсүн коргоп жатканда колдоо үчүн жаңы курал-жарак жана техника пакетин жарыялап жатат”,-деп жазылган билдирүүдө. Америкалык дипломат кошумчалагандай, 125 миллион долларлык аскердик жардам абадан коргонуу системасын чыңдоого багытталган.
АКШ Украинага 125 миллион доллардан тышкары дагы 300 миллион долларды Пентагонго Киев үчүн курал-жарак сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү үчүн бөлөт.
Кезектеги пакетке NASAMS кыска жана орто аралыкка атуучу зениттик-ракеталык комплекси, HIMARS көп учуруучу ракеталык системалары, ошондой эле танкка каршы ок-дарыларды киргизди.

Бөлүшүү:
Next Post

Али Токтакунов парламенттеги Матраимовчулардын бетин ачтыбы?

“2020-жылы Раимбек Матраимов өзүнүн партиясын парламентке алып келүүгө аракет кылган. Бирок, эл алардын аракетин четке каккандан кийин ал мафия башкача жол менен кетип, кээ бир адамдарын бир мандаттуу округдардан же, башка партиялар аркылуу алып келишкен. Кыргыз парламентинде анын адамдары боо-боо болуп, аттын кашкасындай болуп эле отурушат. Маселен, Искендер Матраимовдон баштасак […]

Сизге жагышы мүмкүн